10/10 18:40
 

Жармастан: ЯКШ билет, Иритания билет, а эмнеге биз билбейбиз?!

 Жармастан: ЯКШ билет, Иритания билет, а эмнеге биз билбейбиз?!

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

ЯКШ деген мамлекет бар. Бул элдин Жармастандагы өкүлдөрү учурашканда деле “якшымсыз” деп сылык учурашат. Жармастандыктар буларды туурап “якшымсыз” деп отурмак беле, жалпак тилине салып “ЯКШ” деп коюшат. Бул өлкөнүн дагы бир Иритания деген киндиктеши бар. Шумдугуң кургурдуку бул экөө океандын эки башында турса дагы, киндиктери туташ капырай! Бири бир күн мурда бирдеме айтса, экинчиси эки күн өткөрбөй кайталап турбаса баштары ооруйт. Айтор, бир обондо ырдашат.

Бир жума мурда ошол ЯКШ “Жармастанда терисин тескери кийген террористтер бирдеме кылышы мүмкүн, сак болгула”,- деп мындагы жарандарына катуу эскерткен. Эскертүүсүн интернеттеги өздөрүнүн дарагынын бутагына иле салышкан. Эки саат өтпөй Иритания мамлекети да адатынча бир сөзүн бузбай кайталап, өз жарандарын сак болууга чакырган чакырыгын интернет дарагына самсаалатып илип коюшту.

Эл аралык “ынтымак” теориясы боюнча мындайды адегенде Жармастандын Сырткы чайлашуу министрлигине билдириш керек эле. Андай болбоду. Ал эми кумурсканын жөтөлгөнүн билүүгө милдеттүү Жармастандын Кыкы-Быкы кызматы да андай арам ойлуу терисин тескери кийген террористтердин кайда жүргөнүн же каяктан келээрин билбей башы маң болуп, тили булдуруктай түштү. Элди болсо, алар бизге айткан жок, андай маалымат кайдан чыкканын билбей жатабыз деп сооротууда. Эл болсо, “ЯКШ билет экен, Иритания билет экен, Жармастандын бакандай эки кызматы билбегени эмнеси?”,- деген суроону кабыргасынан коюушууда. Азырынча булардан тыңгылыктуу жооп жок. Болсо эле Жармастан радыясынан уктурганга даярбыз. Ал ортодо карапайым эл катуу чочулап турган чагы. Биз дагы “аныгын билсе айтышар” деп күтүп калдык.

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу