13/09 17:17
 

Жармастан: Жармачы Бет-Сары Колдошбаев көп аял алуу маселесин козгоду

Жармастан: Жармачы Бет-Сары Колдошбаев көп аял алуу маселесин козгоду

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Ошентип Жармастанда Сайказан кайрадан шарактап кайнай баштады. Жармачылар аны эки жума мурда эле кайнатышмак, Тоңбос көлдө конуп жүрүүчүлөрдүн оюну башталып кетип, “аны көрбөсөк жармачылардын жан дүйнөсү жарыбайт деген жалаага калабыз” дешип, “оптом” ошол жакка кетишкен. Кимдир бирөөлөр Сайказандын чогун өчүрбөй кайнатып туруш керек дегенби же өзү баргысы келбегенби, айтор жармачы Бет-Сары Колдошбаев Сайказандын жанында жалгыз калбайбы. Казанга топоздун сүрүнөн салып коюп, оттуу улуу жагып, шорпо сапырып отурган кезин эстеп кетти окшойт, Бет-Сары акең колтуктай келген шыраалжындың сөңгөгүң Сайказандын очогуна уруп жиберип, от жээгинде кыңылдап ырдап отурду:

Бет-Сары менин атагым,
Беш мүшөк алтын базарым.
Билбейм бирок эмнеге,
Бир аял менен жатамын?

Беш-Күңгөй башы кең колот,
Беш аял алса не болот?!
Ак-Муздун асты кең колот,
Алты аял алса не болот?

...Бирок, берениң бул жөн казан эмес, Сайказан экенин, андагы сөздөр ЖТРК аркылуу бүт Жармастанга көрсөтүлүп тураарын эсинен чыгарып, дагы созду:

Отурганда эмине,
Ошону ойлоп кайгырып.
Мыйзамдагы тыюуну,
Салыш керек алдырып...
Аралап басып жүрсөң ээ,
Алты аялга өзүнчө,
Алты төшөк салдырып...Бах-бах...Түүй ата...мындай кызык болорбу...

Мунусун ЖТРК жумурай - журтка төкпөй-чачпай көрсөтүп турду. Аңгыча Сайказандын эшиги ачылып журналисттер кирип келишип, “Сиз жаңы эле көп аял алуу маселесин көтөрдүңүз, себебин түшүндүрүп бериңиз”,- дешти эле айткан эмесмин деп, тура качты. Айткандарын артка түрүп кайра көрсөтүштү эле, жарга такалган бечара “бул ыр да, ырда айтыла берет”,- деп мойнуна албады. Ошону менен Жармастанда Сайказан кайнай баштады...Бүгүнкү Сайказан жыйынында Бет-Сары Колдошбаев көңүлү келбегендей үндөбөй отурду. Атургай колтуктай келген шыраалжынын да очокко салган жок...Чочуп калса керек бечара...

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу