Жогорку Кеңеш

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
06/01 15:31
 

Эксперттер тобу кен иштетүү тармагынын мыйзамдык базасын жакшыртуу жаатында бир пикирге келишти

Бишкек, 6-январь /Кабар/. Кыргызстандын кен-байлыктарын иштетүү, тоо-кен тармагына инвестиция тартуу, жарыяланган тендерлердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, кен жайгашкан жер участокторун өз маалында которуп берүү, бул багытта калк менен биргелешип иш алпаруу, алардын мыйзамдык базасын жакшыртуу чаралары учурдун өтө маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушев мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин эксперттер тобу менен өткөрүлгөн кеңешменин жүрүшүндө баса белгиледи. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, аргандай себептерден улам тоо-кен тармагына байланыштуу айрым мыйзам долбоорлорун талкуулоо жолжоболору создугуп кеткен учурлар сейрек эмес. “Өкмөт тарабынан сунушталган «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун каралганына бир жыл болду. Бул өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүгө, республикалык бюджетти толтурууга түрткү бере турган өтө маанилүү мыйзам, бирок алэкинчи окуудан ары жылбай турат”, - дейт ал.

Абдыманап Кутушев мыйзам долбоорунун создугуу себептерине токтолуп, он мыйзамга өзгөртүү киргизүү милдети турганын, маанисине жараша топко бөлүп кароо зарылдыгын белгиледи. “Анда бири-бирине анчалык коошпогон он мыйзам камтылыптыр. Мындай учурда кайчы пикирлер жаралат. Алар маанисине жараша үч топко бөлүп каралса, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кыйла жеӊилдемек. Ошондон улам, парламент менен өкмөттүн эксперттери бул багытта биргелешип иш алпарышы керек”, - деп кошумчалады ал.

Өкмөт тараптын өкүлдөрү «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча талаштуу маселелер бар экенин моюнга алуу менен бирге, ал адегенде Өкмөт тарабынан жактырылгандан кийин гана парламенттин кароосуна киргизилгенин, бир катар экономикалык көйгөйлөрдүн чечилишин шарттай турган мындай мыйзам долбоорунун кабыл алынышына Өкмөт өтө кызыкдар экенин айтышты.
Ал эми Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин эксперттери мыйзам долбоорунун айланасында негизинен үч багытта талаш пикирлер жаралганын белгиледи: коомдук муктаждык үчүн бөлүнгөн жер участоктору; шаарлардын мэрияларына жер участокторун которууга ураксаат берүү укугун ыйгаруу; Өкмөткө кен-байлыктарды иштетүү үчүн жер участокторун которуу укугун берүү. Мисалы, “коомдук мутаждык” деген түшүнүк боюнча так аныктама жок болгондуктан, кайчы пикирлер жаралбай койбойт.

Талкуу жыйынтыгында кеӊешменин катышуучулары «Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун маанисине жараша топторго бөлүп, айрым талаштуу маселелер убактылуу алынып турса, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы кыйла тездеп, инвестиция тартуу аркылуу кен-байлыктарды иштетүү чаралары ырааттуу жүрүү менен, калктын калыӊ катмарынын социалдык жашоо шартынын жакшыруусуна өбөлгө түзүлөт деген пикирге келишти.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков тармактык комитеттин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен болгон жолугушууда айрым талаш-тартыштарды жараткан мыйзам долбоорлору боюнча тармактык министрликтердеги эксперттер менен чогуу иш алпарып, мыйзамдардын сапатын жогорулатуу, талаштуу жагдайларды четтетүү, коомчулукка көйгөй жараткан айрым маселелерди чечүү жаатында бир катар тапшырмаларды берген.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу