28.12.2016, 11:47

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жаатында алгылыктуу чаралар сунушталууда

Бишкек, 28-декабрь /Кабар/. Жогорку Кеӊеште өлкөнүн азык-түлүк каатчылыгынын алдыналууга багытталган “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөгү” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, мыйзам долбоору Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу Программасын ишке ашыруу алкагында иштелип чыккан. Калктын азык-түлүк коопсуздугуна олуттуу маани берүү менен, калктын тамактануусунун деңгээли өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн мүнөздөйт.

Азык-түлүк коопсуздугун жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү бирин-бири толуктап турган азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо саясатына дагы, айыл чарбаны өнүктүрүү саясатына дагы тиешелүү.