01.02.2014, 11:01

Келерки аптада Жогорку Кеңеш жыйынында «Кумтөр» долбоору боюнча маселени кароо пландаштырылды


 

Бишкек, 1-февраль /Кабар/. 31-январда Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Координациялык кеңешинде парламенттин 2014-жылдын 5 жана 6-февралындагы жыйындарынын күн тартибинин долбоорлору бекитилди. Булл тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеңештин 5-февралдагы жыйынынын күн тартибине «Кумтөр» жөнүндө маселе боюнча Жогорку Кеңештин токтомдорунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө КР Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу маселе киргизилди. Белгилүү болгондой, аталган маселе Жогорку Кеңештин Регламентине ылайык, парламенттин фракциялары менен тармактык комитеттеринде каралышы керек. Кийинки аптада, дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү тармактык комитеттер бул маселени карашат. Андан соң Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети аны Жогорку Кеңештин жыйынына киргизет.

Ал эми 6-февралда парламентте 2013-жылдын 18-апрелинде Жогорку Кеңештин токтому менен түзүлгөн Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгын кароо пландаштырылды.

Ошондой эле 6-февралдагы парламент жыйынынын күн тартибинде КР Эсептөө палатасынын төрагасынын 2012-жыл боюнча отчету, «2012-жылга карата КР республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту бекитүү жөнүндө» мыйзам долбоору бар.