Жогорку Кеңеш

Октябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
  1 2 3 4 5 6
7 8 9 10 11 12 13
14 15 16 17 18 19 20
21 22 23 24 25 26 27
28 29 30 31      
07/12 11:09
 

2012-жылы 1 млрд 225 млн сом сарамжалсыз пайдаланылган

 Бишкек, 7-декабрь /Кабар/. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын кезектеги жыйынында КР Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши жөнүндө маалымат угулду. Эсептөө палатасынын жетекчиси Элмира Ибраимова өткөн жылы 1 734 мамлекеттик мекеменин, мамлекеттин үлүшү 50 пайыздан көп болгон 381 чарбачылык субъектин каржылык иши текшерилип, 196 бюджет түзүү жана аны аткаруу аудити жүргүзүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ошентип, текшерүү жыйынтыгында 2012-жылы 3 млрд 568 млн сом өлчөмүндөгү каржы тартибин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 2 млрд 925 млн сому кайра кайтарылууга жатат. Андан сырткары, 5 млрд 89 млн сом өлчөмүндөгү каржы кору жана бюджеттик жоготуулар табылды. Ал эми сарамжалдуу эмес пайдаланылган каржы 1 млрд 225 млн сомду түздү.
Эсептөө палатасынын төрайымынын айтымында, 1 млрд 122 млн сом же кайра кайтарыла турган каражаттын 38,4 пайызы гана ордуна коюлду. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 30 пайызга жогору. Калган каражатты кайтарып алуу чаралары көрүлүп жатат.
Талкуу жыйынтыгында КР Эсептөө палатасынын 2012-жылдагы иши жөнүндө маалыматын эске алуу чечими кабыл алынды.
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу