Жогорку Кеңеш

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
30/11 11:11
 

ЖК Төрагасы А.Жээнбеков азыркы замандагы ядролук коопсуздук боюнча эл аралык конференцияда чыгып сүйлөдү

 Бишкек, 30-ноябрь /Кабар/. Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы 29-ноябрда Санкт-Петербург шаарында өткөн «Азыркы замандагы ядролук коопсуздук. Ядролук куралсыздануу жана аны жайылтпоо жүрүмүндөгү парламентчилердин ролу» темасындагы эл аралык конференцияга катышты. Иш-чараны Казакстан Парламент Мажилиси менен КМШ Парламенттер аралык ассамблеясы уюштурган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
«Эл аралык коопсуздук чөйрөсүндө курулданууга көзөмөл, жайылтпоо жана куралсыздануу ар дайым Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп келген. Биз БУУну абыройлуу универсалдык эл аралык түзүм катары карайбыз», - деп билдирди Төрага өз сөзүндө. А.Жээнбеков 2003-жылы экспортко көзөмөл жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып, ал экспортко көзөмөл кылуунун улуттук тутумунун түзүлүшүнө негиз болуп бергенин эске салды. «Ушу тапта Кыргызстан экспорттук көзөмөл боюнча эл аралык алдыңкы тажырыйбалардын негизинде экспорттук көзөмөл тутумун андан ары өркүндөтүү максатында мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизип жатат», - деп кошумчалады ал.
А.Жээнбеков 2006-жылы Борбордук Азияда ядролук куралдан эркин аймактын түзүлүшүн ааламдык ядролук куралсыздануу жүрүмүнө кошулган зор салым катары сыпаттады. «БУУнун колдоосу менен өнүгүп бараткан мындай аймакты түзүүнүн демилгечилеринин бири катары, Кыргызстан ошондой эле Келишимдин депозитарийи да болуп саналат. Ушундан улам «ядролук курал державаларын» Борбордук Азия демилгесин колдоого жана негативдик кепилдиктер жөнүндө Протоколго кол коюуга чакырат», - деп баса белгиледи ал. Кыргызстан аймагындагы уран калдыктары сакталган жайлар мурас калганын эске салуу менен, А.Жээнбеков өнөктөш өлкөлөр менен эл аралык уюмдарды бул маселени чечүүдө эксперттик-техникалык жактан колдоо көрсөтүүгө чакырды.
А.Жээнбеков баардык тараптардын ядролук куралсыздануу жүрүмүнө жигердүү катышуу зарылдыгын айтты. «Ядролук куралды жайылтууга каршы аракеттенүү жана ядролук куралсызданууга көмөк көрсөтүү, дүйнөнү тыптыйпыл кыла турган куралдан арылтуу - биздин жалпы максатыбыз. Бүгүнкү иш-чара да ошол жүрүмгө кошкон салымыбыз болуп саналат», - деп Төрага өз сөзүн жыйынтыктады.

 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу