Жогорку Кеңеш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
02/11 15:12
 

Жогорку Кеңеште КР Салык кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүгө арналган коомдук угуу өттү

 Бишкек, 2-ноябрь /Кабар/. Жогорку Кеңеште Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет тарабынан уюштурулган «КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоорун талкуулоого арналган коомдук угуу өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, Улуттук банктын, ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоору КР Өкмөтү тарабынан иштелип чыгып, парламентте эки окууда кабыл алынган. Бирок, депутаттар Азамат Арапбаев менен Урмат Аманбаевадан кошумча сунуштар түшүп, ишкерлерден кайрылуулар келип жаткандыктан, тармактык комитет коомдук угуу өткөрүү чечимине келген.
Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, мыйзам долбоору Салык саясатын өнүктүрүү стратегиясынын алкагында салыкты башкаруу жүрүмүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан. КР Салык кодексине көмүскө бизнести көрүнөө алып чыгууга, чыныгы ишкерликке колдоо көрсөтүүгө багытталган түзөтүүлөр киргизилип жатат.
Эгер мыйзам кабыл алынып калса, бизнес мамилелерин түзүү банктар аркылуу накталай эмес төлөм таризинде жүргүзүлө баштайт. Бирок, салыктык отчет мезгилинде, тагыраак айтканда, айына 300 миң сом өлчөмүндөгү соода-сатыктарды накталай акчага жүргүзсө болот. Ошондон улам, буга чейин көмүскө бинес жасап келгендер ачыкка чыгып, кошумча нарк салыгын төлөп турууга аргасыз болот.
Депутат Азамат Арапбаев мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирди. Анын пикиринде, мыйзам ири бизнес ээлерин эмес, чакан бизнес жасаган ишкерлерге кошумча түйшүк апкелип, кыйла тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Аны депутат Исхак Пирматов колдоду. Алардын айтымында, азыркы учурда ишкерлерди кысымга албай, аларга колдоо көрсөтүү зарыл. Алар бюджетке каражат түшүрүп жатат.
Ал эми экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башчысы Бактыбек Аширов накталай акчага бизнес жасаган бизнес чөйрөсүндө көмүскө схемалар көп экенин, ал айрыкча күйүүчү жана майлоочу май жаатында кеңири таралганын билдирди. «Мисалы, иран ишкерлер тобу башка бир жарандын атынан 3 миңден ашуу жеңил автомашина алып келип сатышканы белгилүү болду. Бул мыйзамдын чакан ишканаларга эч тиешеси жок, анаткени алар КНС төлөбөйт», - дейт ал.
Талкуу жүрүшүндө бир катар бизнес өкүлдөрү импорттук соода жаатында башаламандык түзүлүп, кыйынчылыктар жараларын баса белгилешти. Анткени, ташылып келинген товарларды бажы тосотунда жолжоболоштуруу убактысы создугуп кеткендиктен, товар ээлери күтүп отура албайт, валюта куну тез-тез алмашып турат. Экономика министрлиги менен Салык кызматынын өкүлдөрү накталай эмес төлөмдү импорттук бизнестен убактылуу алып салууга убада берди.
Ал эми тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Улукбек Кочкоров эки-үч жылдан соң накталай эмес төлөмгө импорттук бинести да киргизүү маселесине кайрадан кайрылып келүү тууралуу оюн билдирди. Ансыз көмүскө экономикадан кутулуу кыйын. Муну Казакстан менен Орусиянын тажырыйбасы таасын тастыктап турат. Алар мындай мыйзамды эбак эле кабыл алышкан.
Иш-чара жыйынтыгында тармактык комитет коомдук угуу жүрүшүндө айтылган сунуштарды эске алуу чечимине келди.

 

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу