Жогорку Кеңеш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
30/10 09:07
 

ЖК тармактык комитетинин төрагасы А.Келдибеков ЭВФ миссия өкүлдөрү жана ЕККУ борборунун өкүлдөрү менен жолугушту

 Бишкек, 30-октябрь /Кабар/. Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Ахматбек Келдибеков 29-октябрда техникалык жардам маселелери боюнча консультант Кристоф Ваерзеггерс баштаган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссия өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Кыргызстандын Салык кодексин иштеп чыгуудагы ролун талкуулап, азыркы салык тутумун жакшыртуу жаатында пикир алышты.

Ошондой эле, А.Келдибеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкек шаарындагы Борборунун институтционалдык өнүгүү боюнча кеңешчиси Георгий Качаров баштаган кызматкерлер тобу менен да жолугушуп, Жогорку Кеңеш менен ЕККУ ортосундагы кызматташуунун келечек пландары тууралуу пикир алышты. 

ЕККУ өкүлү келерки жылдын башында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жаңы Салык кодексинин долбоорун талкуулоого арналган көчмө жыйынын талкуулады. Тармактык комитеттин төрагасы ЕККУ менен башка маселелер боюнча да кызматташууга даяр экенин билдирди.

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу