Жогорку Кеңеш

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
28/09 10:42
 

Жогорку Кеңеште “Кумтөр” долбооруна арналган парламенттик угуу жыйынтыкталды

Бишкек, 28-сентябрь /Кабар/. 27-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКтын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V жана 5-июндагы № 3169-V токтомдорунун аткарылышы тууралуу» парламенттик угуу өткөрдү. Булл тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Парламенттик угууга Жогорку Кеңеш депутаттары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон Өкмөттүн бул маселеге тиешеси болгон министрликтер менен мекемелердин жетекчилери, «Кыргызалтын» акционердик коому менен «Центерра Голд Инк.» компаниясынын жетекчилери, адистер менен эксперттер, жарандык коомдордун, жалпыга маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, “Кумтөр” долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында "Кыргызалтын" АКсынын «Центерра Голд Инк.» компаниясындагы Кыргызстанга тиешелүү 32,7 пайыз көлөмүндөгү үлүшүн “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча 50Х50 пайыз катышындагы биргелешкен ишкана түзүү аркылуу кайра түзүмдөштүрүү чечимине келген.
Жыйында Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев КР Өкмөтүнүн, “Кыргызалтын” ААКсынын, “Центерра Гол Инк” компаниясынын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр, тараптар ортосундагы “Кумтөр” долбоору боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору боюнча берилген суроолорго жооп берди.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Жоомарт Сапарбаев сүйлөшүүлөрдө КР Өкмөттүн кеңешчиси катары катышкан “PricewaterhouseCoopers” компаниясынын жетекчилиги мурда “Центерра Голд Инк” компаниясында иштегендигин белгиледи. Депутат Ахматбек Келдибеков иштеп жаткан “Кумтөр” кени боюнча ратификациялык мыйзамды жокко чыгармайынча мамлекеттин кызыкчылыгына иш жүрбөстүгүн айтты.
Өткөн бийлик учурундагы сүйлөшүүлөргө караганда бул жолку сүйлөшүүлөрдө мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого аракет болгондугун белгилеген депутат Райкан Төлөгөнов Темир Сариев башында турган мамлекеттик комиссиянын экологиялык жана башка корутундулар эске алынбай меморандум түзүлгөндүгүнө токтолду. Өкмөт башчы Ж.Сатыбалдиев меморандум болгону концептуалдык долбоору экенин жооптоп, ал жактырылган күндө гана экологиялык жана башка маселелерге деталдуу мамиле жасалаарын билдирди.
Депутаттар Болот Шер менен Улукбек Кочкоров экинчи тарап менен болгон келишимдерде 180 тонна алтын иштетүү белгиленгендигин, бул өлчөмдөгү алтын иштетип алдыңар деп канадалык компания менен келишимди токтотууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айтып чыгышты.
Парламенттик угууга келген Жети-Өгүз районунун тургундары 50Х50 пайыз катышындагы биргелешкен ишкана түзүүгө каршы экендиктерин ортого салышты.
Тоо кенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев Меморандум түзүүгө бир дагы тоо-кен адиси катышпагандыгын, “Кумтөр” долбоору боюнча шашылбай дыкат кароо зарылдыгын белгилеп, ассоциация тарбынан бир катар сунуштар берилерин билдирди. Ошону менен катар, О.Дүйшеев Кыргызстан “Кумтөр” кенин иштетүүдө уюштуруучулар курамынан чыкпаш керек деген пикирде.
Жыйынтыгында жыйын жүрүшүндө депутаттар, жергиликтүү тургундар, адистер тарабынан айтылган ой-пикирлер, берилген сунуштар Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун даярдоодо эске алынышы белгиленди. Ал эми талкууланган маселе Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынды.


 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу