Жогорку Кеңеш

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
20/04 10:37
 

ЖК Төрагасы А.Жээнбеков саясат таануучулар жана эксперттер менен жолугушту

ЖК Төрагасы А.Жээнбеков  саясат таануучулар жана эксперттер менен жолугушту

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков 19-апрелде саясат таануучулар жана эксперттер тобу менен, тагыраак айтканда, Табылды Акеров, Бакыт Бакетаев, Марат Казакбаев, Токтогул Какчекеев жана Александр Князев менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаал, парламенттик системаны өнүктүрүү, Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү жана анын бийликтин башка бутактары менен кызматташуусу, тил маселеси боюнча пикир алышты.
Төрага саясат таануучулар менен эксперттер коомдук пикирди жаратарын баса белгилеп, алардын парламенттин ишмердүүлүгүнө жана ошондой эле өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалга байланыштуу сунуштамаларын укканга даярдыгын билдирди.
Жогоруда айтылган маселелер боюнча ар кандай көз караштарын билдирген эксперттер негизинен парламенттик системаны колдоорун айтышты. Алар бүгүнкү күндө парламент өзүн бийликтин туруктуу бутагы катары көрсөтө алгандыгын баса белгилешти. Эксперттер Кыргызстанда мыйзам чыгаруу процесси өнүгүп жаткандыгын айтып, ошону менен катар мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө көп көңүл буруу боюнча каалоо-тилектерин билдиришти.
Тараптар мындай форматтагы ырааттуу кеңешмелердин зарылдыгы боюнча да бир пикирге келишти.

 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу