Жогорку Кеңеш

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
11/04 18:36
 

ЖККУ ПА Кеңеши Сербия жана Ооганстан парламенттерине ЖККУ ПАга байкоочу макамын берүү жөнүндө чечимди жактырды

 Бишкек, 11-апрель /Кабар/. ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынын Кеңеши бүгүн, 11-апрелде, Сербия Республикасынын Элдик Скупщинасы менен Ооганстан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төмөнкү палатасына ЖККУ ПАга байкоочу макамын берүү жөнүндөгү чечимди жактырды. Бул тууралуу КР ЖК басма сөз кызматы билдирди.
Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан ЖККУ ПА Кеңешинин жыйынында төрага А.Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы катышууда. 
Кеңештин жыйынында Ооганстан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төмөнкү палатасынын төрагасынын орун басары Мохаммед Салех Салжукинин Ооганстан Ислам Республикасындагы саясий кырдаал жөнүндөгү маалыматы угулду. 
Маселени талкуулоонун жүрүшүндө төрага А.Жээнбеков Кыргыз Республикасы келечекте Ооганстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн негиз боло турган улуттук мыйзамдарга ылайык 2014-жылы эркин, адилет жана транспаренттүү шайлоолорду өткөрүүгө баш койгон ооган бийлигинин чечкиндүү кадамын кубаттады. 
“Биз ишеним чараларын бекемдөө боюнча баардык жумушчу топторго катышуу менен, “Азия жүрөгү” аттуу Стамбул процессин колдойбуз жана Ооганстан боюнча энергетика, транспорт, айыл чарбасы тармактарындагы аймактык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин алдыга жылдырууга даярбыз. Ооганстанды коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташтыкка жана соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүүгө тартуу аны туруктуу өнүктүрүүнүн жана аймактагы тынчтык менен ишенимди бекемдөөнүн негизги чечүүчү шарттары болуп саналат”, - дейт Төрага.
Андан ары ал бир катар аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин, ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катышуучусу катары, Кыргыз Республикасы Ооганстанды тынч жол менен калыбына келтирүү жана өнүктүрүү жүрүмүнө өз салымын кошууга даяр экенин баса белгиледи. Ошону менен бирге, Төрага Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында «Ооганстан – 2014: ОИРдеги кырдаалдын өнүгүү келечеги, Тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн негизги контингентин чыгарып кетүүдөн улам, Борбордук Азияда кооптуу абалдын жаралуу коркунучу» эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөрүү пландаштырылып жаткандыгын жарыя кылды. 
Төрага А.Жээнбеков өз сөзүн жыйынтыктап жатып, Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылуу алкагында бирдиктүү маселелер: Ооганстандагы, жалпы эле аймактагы коопсуздук, ыкчам маалымат алмашууну колго алуу, эл аралык терроризм жана баңгизат жүгүртүүгө каршы аракеттенүү жаатында алгылыктуу чараларды иштеп чыгуу боюнча жогорку деңгээлдеги пикир алышуулар менен кызматташтык мамилелерди жандандыруу чараларын сунуштай тургандыгын билдирди. 
 

Окшош сөздөр: 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу