ЕАЭБ

Октябрь 2017
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
13/01 18:17
 

2017-жылы ЕЭК кеңешине КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетекчилик кылат

2017-жылы ЕЭК кеңешине КРнын вице-премьер-министри Олег Панкратов жетекчилик кылат

Бишкек, 13-январь /Кабар/. Эскерте кетсек, 2016-жылы 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө төрт мамлекеттин – Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын башчыларынын жолугушуусунда президенттер 2017-жылы Кыргызстандын ЕЭКтин органдарында башчылык кылуусун талкуулашкан. Сөз Жогорку Евразия экономикалык кеңеши, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши тууралуу болуп жатат.

“Кыргызстан 2017-жылы ЕАЭБ органдарында өзүнүн төрагалыгынын алкагында биримдиктин башка эл аралык уюмдар жана өлкөлөр менен соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана биздин экономикаларыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү максатында кызматташтыкты өнүктүрүү негизги мидети катары эсептейт. Муну менен катар экономикалык интеграцияны тереңдетүү ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүдө тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу менен катар кетиш керек. Муну КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев бир нече ирет белгилеген. Мен бирдиктүү күч менен бардык көйгөйлөрдү чечип, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн андан ары өнүгүшүнө кезектеги кадамды таштайтыз деп ишенем”,-деди О.Панкратов ЕЭК кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып.

ЕАЭБ тууралуу келишимге ылайык, бул органдарга төрагалык кылуу кызматы орус алфавитинин тартибинде жыл сайын пландык ротация болот. Өткөн 2016-жылы бардык түзүмдөргө Казакстан Республикасы жана анын өкүлдөрү төрагалык кылган.

ЕЭКтин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу