ЕАЭБ

Апрель 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30          
30/11 11:19
 

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин пенсиялык камсыздандыруу Келишими 2017-жылы күчүнө кирет

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин пенсиялык камсыздандыруу Келишими 2017-жылы күчүнө кирет

Бишкек, 30 -ноябрь /Кабар/. 25- ноябрда Бишкекте өткөн “ЕАЭБнын 4 баскычтуу эркиндиги: товарлардын, жумушчу күчүнүн, тейлөөлөрдүн жана капиталдын эркин кыймылы. Тажрыйба жана сабак алуу” аттуу жыйында ЕЭКнын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Паиза Сүйүмбаева ЕАЭБ мамлекеттеринин эмгекчилерин пенсиялык камсыздандыруу тууралуу айтты.

Жыйынга КР Өкмөтүнүн, ЖКнын, министрликтердин, илимий чөйрөлөрдүн, ошондой эле Биримдиктин өлкөлөрүнүн бизнес-шериктештиктеринин өкүлдөрү катышты.

Паиза Сүйүмбаеванын айтымында, интеграциянын өнүгүшүнүн негизги багыттарынын бири - жумушчу күчүнүн эркин кыймылына болгон тоскоолдуктарды жоюу.

“ЕАЭБга мүчө мамлекеттерде пенсиялык камсыздандыруу маселелериндеги укуктук жөнгө салуунун жетишсиздиги – бул жалпы эмгек рыногун калыптандыруу факторлорунун болбогондугунда. Ошондуктан эмгекчилердин пенсия маселелери өтө актуалдуу болуп эсептелет”-деди ЕЭК Департаментинни директору.

Паиза Сүйүмбаев Комиссия Биримдикке мүчө өлкөлөр менен бирдикте ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эмгекчилерин пенсиялык камсыздандыруу боюнча Келишимдин долбоорун иштеп жатышкандыгын, ал пенсияларды белгилөө жана төлөө тартибин аныктарын билдирди.

Келишимдин долбоору жакында иштелип бүтүп, Биримдиктин өлкөлөрүнө мамлекет ичиндеги процедураларды иштеп чыгуусу үчүн жөнөтүлөт. Келишим 2017-жылы күчүнө кирүүсү күтүлүүдө.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу