ЕАЭБ

Февраль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28      
25/11 12:44
 

ЕЭК Кыргызстанга мамлекеттик башкаруу секторундагы карызды төмөндөтүү боюнча чара көрүүнү сунуштады

ЕЭК Кыргызстанга мамлекеттик башкаруу секторундагы карызды төмөндөтүү боюнча чара көрүүнү сунуштады

Бишкек, 25-ноябрь /Кабар/. Бул ЕЭК тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринин макроэкономикалык абалын турукташтырууга багытталып даярдалган алгачкы документ болуп саналат.

Сунуш ЕАЭБ тууралуу Келишимде бекитилген КР мамлекеттик башкаруу секторундагы карызынын көбөйүп кетишине байланыштуу иштелип чыккан. Биримдиктин өлкөлөрү көрсөткүчтөрдүн чегинде экономикалык өнүгүү туруктуулугун аныктаган макроэкономикалык саясатты жүргүзүүсү зарыл. Атап атканда мамбашкаруу секторунун карызынын деңгээли ИДПнын 50 пайызынан ашпоосу керек.
Комиссия тарабынан жүргүзүлгөн 2015-жылдын 3-жана 4-кварталдарындагы мониторингдерде бул сектордогу карыз Кыргызстандын ИДПсына карата салыштырмалуу 51,4 % жана 58,0 % түзгөн.

Экономикалык туруктуу өнүгүүгө жана макроэкономикалык стабилдүүлүккө жетишүү боюнча КРдин аракетин колдоп, Комиссия Кыргызстанга мамбашкаруу секторундагы карызды төмөндөтүү боюнча комплекстүү чараларды ишке ашырууну сунуштады. Мында сөз мамбашкаруу секторундагы карызды жөнгө салуунун натыйжалуулугун көтөрүү, каржы карызын оптимизациялоо максатында мамбашкаруу секторундагы бюджет тартыштыгын кыскартуу, экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана келечекте карыздарды төмөндөтүү зарылдыгы боюнча узак мөөнөттүү иш-чараларды кабыл алуу тууралуу болууда.

Комиссиянын сунуштарын ишке ашыруу мамлекеттик карызды жөнгө салуунун натыйжалуулугун көтөрүүгө, улуттук экономиканын каржылык карызын төмөндөтүүгө, мамбюджетке карыз үстөмдүгүн азайтууга жана мамбашкаруу секторундагы карыздык көрсөткүчтү төмөнтөтүүгө негиз болот.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу