ЕАЭБ

Декабрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
24/11 10:39
 

Бишкекте “ЕАЭБдин эркиндигинин 4 баскычы: товарлардын, жумушчу күчүнүн, тейлөөнүн жана капиталдын эркин кыймылы. Тажрыйба жана сабак алуу” аттуу практикалык жыйын өтөт

Бишкек, 24-ноябрь /Кабар/. Бишкекте “ЕАЭБдин эркиндигинин 4 баскычы: товарлардын, жумушчу күчүнүн, тейлөөнүн жана капиталдын эркин кыймылы. Тажрыйба жана сабак алуу” аттуу практикалык жыйын өтөт. Жыйын КРдын ЕАЭБга адапташуусу мезгилинде тобокелдиктерди жеңилдетүү жана мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу боюнча Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорунун көмөгү менен КР Өкмөтү тарабынан уюштурулган. Бул тууралуу КР Экономика министрлигинин басм сөз кызматынан билдирди.

Жыйындын программасы ЕАЭБга интеграциянын жаңы шарттарында мамлекеттердин өнүгүшү тууралуу маалымат берүү боюнча оозеки докладдарды, бизнеске жана товарлардын эркин жүгүртүлүшүнө тоскоолдуктарды жоюу маселелери боюнча дискуссияны, эмгек ресурстарынын эркин аракеттенүүсү маселелери боюнча тажрыйба алмашууну, тейлөө жана капиталдын бирдиктүү рыногун түзүү боюнча демилгелерди талкуулоону, ошондой эле ЕАЭБнын бирдиктүү рынокторунда төрт эркиндикти ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоону камтыйт.

Жыйында КРдын ЕАЭБга толук мүчөлүгүнүн бир жылдыгына, андагы жетишилген ийгиликтерге, ошондой эле Биримдиктин жаңы шарттарында Кыргызстан туш болгон кыйынчылыктар жана экономикалык интеграцмянын келечектерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жыйынга КР ЖКнын, Өкмөтүнүн жана ЕЭКнын өкүлдөрү, улуттук жана эл аралык деңгээлде ЕАЭБнын келишимдерин ишке ашырууда спецификалык маселелер боюнча адистер жана эксперттер, бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү катышат.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу