ЕАЭБ

Декабрь 2018
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
          1 2
3 4 5 6 7 8 9
10 11 12 13 14 15 16
17 18 19 20 21 22 23
24 25 26 27 28 29 30
31            
21/11 17:02
 

ЕЭК мониторингдин негизинде ЕАЭБдин өнөр жай продукция рыногунун потенциалына баа берет

ЕЭК мониторингдин негизинде ЕАЭБдин өнөр жай продукция рыногунун потенциалына баа берет

Бишкек, 21-ноябрь /Кабар/. 17-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) караштуу Өнөр жайы боюнча Консультативдик Комитет Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында өнөр жай продукцияларынын рынокторуна мониторинг жүргүзүү тууралуу Жобонун долбоорун жактырды. Жобонун долбоору Коллегияга жана ЕЭКнын Кеңешине бекитүү үчүн сунушталат.

Мында мониторинг өнөр жай продукцияларынын рынонокторунун негизги сандык жана сапаттык параметрлерине анализ жасоо жана баа берүүнү карайт. Мындай параметрлерге продукциялардын көлөмү, түрлөрү жана рыноктордун структурасы, өнөр жай продукцияларынын тышкы жана өз ара соода багыттары жана алардын көлөмү, ошондой эле кооперациялык товарлар кирет.

Монторингдин негизинде Комиссия жыл сайын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн биринде чыгарылып, экинчи бир өлкөсүндө же үчүнчү өлкөдө керектелген продукциялардын жана товарлардын түрлөрүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө колдонуу боюнча сунуштар камтылган докладдарды даярдайт.
Өнөр жай продукциялары рыногунун мониторингинин жыйынтыгы туралуу доклад ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө сунушталат жана ошондой эле Комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылат.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу