ЕАЭБ

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
21/11 16:38
 

ЕАЭБ мамлекеттери айыл чарба техникаларын өндүрүү кызматташтыгын карады

ЕАЭБ мамлекеттери айыл чарба техникаларын өндүрүү кызматташтыгын карады

Бишкек, 21-ноябрь /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясына (ЕЭК) караштуу Өнөр жайы боюнча Консультативдик Комитет Евразия экономикалык биримдигинин машина өндүрүшү жана айыл чарбасынын жабдыктары чөйрөсүндө өнөр жай кызматташтыгын ишке ашыруу боюнча конкреттүү иш-чараларды караган долбоорлор актыларын жактырды.

Атап айтканда, мында кеп Биримдиктин өлкөлөрүндө өндүрүлбөгөн айыл чарба техникаларынын комплекстүү аналогдорун өндүрүүнү уюштуруу боюнча Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин буйругу тууралуу жүрүүдө.
Ошондой эле ЕАЭБда чыгарылган машиналарга жана айыл чарба жабдыктарына суроо-талаптарды стимулдаштыруу боюнча ЕЭКнын Кеңешинин Сунуштары жактырылды, Документке тиркелген бул Сунуштар ал техникалардын экономикалык эффектвдүү өндүрүш критерийлерин аныктайт.

Жыйындын аягында ЕЭКнын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев акттарды сатуу боюнча маселелерди талкуулоо айыл чарба машина куруу чөйрөсүндөгү эксперттик топтордун комитетинин алкагында өтөрүн айтты.

ЕЭКнын басма сүз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу