ЕАЭБ

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
18/11 10:29
 

ЕЭК Салык администрациясы Европа аралык уюму менен кызматташуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

ЕЭК Салык администрациясы Европа аралык уюму менен кызматташуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Бишкек, 18-ноября /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) менен Салык администрациясы Европа аралык уюму (Intra-European Organisation of Tax Administrations, кыскартылганы – IOTA) салык саясаты жана администрлөө, маалымат алмашуу, консультацияларды, семинарларды, форумдарды жана башка долбоорлорду өткөрүү жаатында кызматташууну пландашууда.

Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы саясаты департаментинин директору Тигран Давтян Будапештте (Венгрия) Салык администрациясы Европа аралык уюмунун өкүлдөрү менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушууда IOTA менен ЕЭКке караштуу Салык саясаты жана администрлөө боюнча Консультативдик комитет өз ара кызматташтыктын мүмкүн болгон форматы жаатында пикир алышты.

“IOTA менен кызматташуу салыктык администрлөөнү жакшыртууга, ЕАЭБ мамлекеттеринин салык органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүүгө негиз болот, бул демек, жалпысынан евразиялык экономикалык интеграциянын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет”-деди Тигран Давтян.

Маалымат үчүн: Салык администрациясы европа аралык уюму (Intra-European Organisation of Tax Administrations (IOTA) салыктык администрлөөнүн практикалык маселелерин талкуулоо үчүн аянтча бере турган Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөр аралык уюму болуп эсептелет.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу