ЕАЭБ

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
15/11 11:36
 

ЕЭК менен Канада Өкмөтүнүн биринчи расмий жолугушуусу болду

ЕЭК менен Канада Өкмөтүнүн биринчи расмий жолугушуусу болду

Бишкек, 15-ноябрь /Кабар/. 9-ноябрда Оттавада (Канада) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграция жана макроэкономика боюнча коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валовая Канадага расмий сапарынын алкагында Канаданын тышкы иштер министринин орун басары Александр Бугайлискис менен жолукту.

Бул Евразия экономикалык комиссиясы менен Канада Өкмөтүнүн биринчи расмий жолугушуусу болду. Жолугушууга Казакстандын Канададагы Атайын жана Ыйгарым укутуу элчиси Константин Жигалов катышты.

Кеңири интеграциялык конструктивдүү аңгемелешүүдө Татьяна Валовая Евразиялык интеграциялык долбоордун өнүгүшү тууралуу канадалык кесиптешине маалымат берди.ЕЭК министри ЕАЭБнын 4 эркиндигин – товарларды алууда, сатууда, тейлөөдө, капиталда жана жумушчу күчүндөгү эркиндикти жана Биримдиктин жөнгө салуучу органдарынын милдеттери, 2025-жылга чейинки биригүү келечектери тууралуу билдирди.

ЕЭК министри комиссиянын 3-өлкөлөр жана регионалдык интеграциялык бирикмелер менен өз ара карым-катышы тууралуу айтты.
Сапардын жүрүшүндө Татьяна Валовая Оттавадагы Карлтон университетинде евразия проблематикасы боюнча лекция окуду.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу