ЕАЭБ

Май 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
21/10 18:28
 

Аргентина делегациясы ЕЭК менен МЕРКОСУРдун кызматташтыгына колдоо көрсөтүшөөрүн билдирди

Аргентина делегациясы ЕЭК менен МЕРКОСУРдун кызматташтыгына колдоо көрсөтүшөөрүн билдирди

Бишкек, 21-октябрь /Кабар/. 19-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын аянтчасында Аргентина Республикасынын Агроиндустрия министри Рикардо Буриайле башчылык кылган делегация менен жолугушууда ЕЭКнын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Сергей Шухно Латын Америкасынын интеграциялык бирикмелери (Чили. Перу, Анды шериктештиги, Тынч океан альянсы) жана өлкөлөрү менен кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу жана ЕЭКнын МЕРКОСУР(Mercado Comu'n del Cono Sur – MERCOSUR)( ред: Аргентина, Бразилия, Парагвай жана Уругвай, ошондой эле ассоциациялык мүчөлөр – Боливия менен Чили кирген субрегионалдык соода-экономикалык бирикме) менен байланыш түзүүгө кызыкдар экенин айтты.

Меморандумга кол коюу зарылдыгы тууралуу мурда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисяндын Аргентинанын Тышкы иштер министри Сусана Малькорра менен быйыл 12- апрелде жолугушуусунда билдирилген.
Ал эми Аргентина тарап МЕРКОСУР ичинде Меморандумдун долбоорун макулдашуу боюнча иштер системалуу жүрүп жатканын жана ага бул бирикмедеги Аргентинанын учурдагы өкүлчүлүгү кол коёруна ишенимин билдирди.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу