ЕАЭБ

Ноябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28 29 30  
07/10 10:07
 

ЕАЭБдеги кезектеги тоскоолдук жоюлду

ЕАЭБдеги кезектеги тоскоолдук жоюлду

Бишкек, 7-октябрь /Кабар/. Евразия эконимикалык комиссиясы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында Евразия экономикалык биримдигинин аймагына товарларды эркин айландырууну камсыз кылууга багытталган чечим кабыл алды.

Казакстан Республикасы Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2015-жылы 8-майдагы №6 чечиминде текшерүүнүн бул түрүн алуу каралса дагы азыркы учурга чейин кыргыз-казак чек арасында карантиндик фитосанитардык текшерүү жүргүзүп келген. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасы тарабынан карантиндик фитосанитардык текшерүү бир жактуу алынган. Учурдагы кырдаал Кыргыз Республикасынан Казак Республикасынын аймагына товарларды алып өтүүдө чек арада бир топ кармалууларга алып келет.

Казак Республикасынын өкмөтүнө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 10 күндүн ичинде Евразия экономикалык комиссиясына ЕАЭБ тууралуу келишимдин жоболорун аткарууга багытталып кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берүү сунушталды.

“Бүгүн кабыл алынган чечим Биримдиктин аймагында товарларды эркин айландырууга тоскоолдуктарды жараткан коркунучтарды жоюуга багытталды. Интеграцияны өнүктүрүүдө тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштерди күчөтүү маанилүү, анткени бул ЕАЭБди түзүүдөгү негизги максаттадын бири брлуп саналат”,-деп белгиледи ЕЭКтин ички рынок, информатизация, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар министри Карина Минасян.

ЕЭКтин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу