ЕАЭБ

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
06/10 15:13
 

Бишкекте КР товар жабдуучуларынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына катышуусу талкууланды

Бишкекте КР товар жабдуучуларынын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына катышуусу талкууланды

Бишкек, 6-октябрь /Кабар/. 30-сентябрда Бишкекте Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) КР Экономика министрлиги менен биргеликте “Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) мамлекеттик сатып алуулар” аттуу семинир өткөрдү.

Семинарга ЕЭКнын, КР Экономика министрлигинин, КР Финансы министрлигинин, бизнес-коомчулуктун жана республиканын илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын катышуучулары Евразия экономикалык биримдигинде жана КРда мамлекеттик сатып алуулар системасын талкуулашты, ошондой эле Кыргызстандын потенциалдуу товар жабдуучуларынын Биримдиктин өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына катышуусунун учурдагы актуалдуу маселелери каралды.

Семинардын жүрүшүндө ошондой эле, товар жабдуучулардын мамлекеттик сатып алууларга катышуусу учурунда келип чыккан көйгөйлөр жана мамлекеттик сатып алууларды нормативдик-укуктук жөнгө салууну өркүндөтүү жолдору каралды. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар мамлекеттик сатып алуулар жаатында Биримдик тууралуу келишимдин нормаларын ишке ашырууда келип чыккан маселелерди өз убагында чечүү максатында КРнын ыйгарым укуктуу органдары жана бизнес-коомчулугу менен Евразия экономикалык комиссиясы мындан ары өз ара карым-катышта иштөөлөрү зарыл деген пикирге келишти.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу