15.09.2016, 12:25

ЕЭК конфиденцияалдык маалыматты коргоонун тартиби тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизүүнү жактырды

 ЕЭК конфиденцияалдык маалыматты коргоонун тартиби тууралуу макулдашууга өзгөртүү киргизүүнү жактырды

Бишкек, 14-сентябрь /Кабар/. 6-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы тарабынан конфиденцияалдык маалыматты коргоо тартиби жана аны комиссия тарабынан элге таратууда атаандаштыктын бирдиктүү эрежесинин сакталышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укук жоопкерчилиги тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол долбоору жактырылды. Өзгөртүү документти Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) тууралуу келишимдин жоболоруна ылайыкташтыруу менен байланыштуу.

Жактырылган протоколдун долбоору, андан тышкары Армения Республикасынын аталган келишимге кирүүсү тууралуу протоколдун долбоору Биримдикке кирген өлкөлөрдүн ички макулдашуусуна жөнөтүлдү.

Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча коллегиянын мүчөсү (министр) Нурлан Алдабергенов: “Кабыл алынып жаткан бул эл аралык келишим Армениянын Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн субъектерине карата атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарды жөнгө салууга катышуусун шарттайт”,-деди.

ЕЭКтин коллегиясы Жогорку Евразия экономикалык кеңеши тарабынан бекитилген чек аралар аралык ташуулар базарына байланыштуу чен белгилерге өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды.

ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.