ЕАЭБ

Февраль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28      
01/09 18:05
 

Николай Кушнарев Биримдик тууралуу келишимде каралган 2014-жылкы өнөр жай субсидияларынын бирдиктүү жоболорун сактоо тууралуу отчетту сунуштады

Николай Кушнарев Биримдик тууралуу келишимде каралган 2014-жылкы өнөр жай субсидияларынын бирдиктүү жоболорун сактоо тууралуу отчетту сунуштады

Бишкек, 1-сентябрь /Кабар/. 30-августта Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын жыйынында Комиссиянын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарев Евразия экономикалык биримдигинин мүчө-мамлекеттери тарабынан Биримдик тууралуу келишимде каралган 2014-жылкы өнөр жай субсидияларынын бирдиктүү жоболорун сактоо тууралуу отчетту сунуштады.

Отчет мүчө-өлкөлөрдүн нормативдик-укуктук актыларын жана мониторингдеринин жыйынтыгын камтыйт, анда ал өлкөлөрдүн 2014-жылкы өнөр жай субсидиялары жана Биримдик тууралуу Келишимдин жоболорунун жыйынтыктары сунушталган.

Мындан тышкары, Өнөр жай саясаты департаментинин адистери Биримдик тууралуу келишимдин жоболору тараптар тарабынан натыйжалуу ишке ашырууга жана өнөр жай субсидиясынын бирдиктүү жоболорун сактоого багытталган сунуштарды иштеп чыгышкан.

Сунуштарды колдонгон учурда тараптардын эл аралык милдеттерин жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун нормаларын эске алуу менен өнөр жай субсидияларын берүү жоболорунда белгиленген мамлекеттик колдоонун улуттук системасы жогорулайт.

Отчет Коллегия тарабынан маалымат катары кабыл алынган.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу