ЕАЭБ

Август 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
      1 2 3 4
5 6 7 8 9 10 11
12 13 14 15 16 17 18
19 20 21 22 23 24 25
26 27 28 29 30 31  
30/08 18:32
 

ЕЭКнын штаб-квартирасында ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

ЕЭКнын штаб-квартирасында ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Бишкек, 30-август /Кабар/. 29-августта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында ЕЭКнын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен Индиянын Россия Федерациясындагы элчиси Панкадж Сарандын жолугушуусу болду.

Тараптар ЕАЭБ менен Индиянын соода-экономикалык кызматташтыгын талкуулашты. Тигран Саркисян Евразия экономикалык комиссиясы Индия менен диалог түзүүгө зор маани берерин белгиледи. Ал 2015-жылы июнда ЕАЭБ менен Индиянын ортосунда эркин соода зонасын түзүү тууралуу макулдашууну бекитүүнүн максаттуулугу боюнча бирдиктүү изилдөө тобу түзүлгөндүгүн эске салды.

“Сентябрда изилдөө тобу бардык катышуучуларга пайда алып келе турган кызматташуу багыттарынын формалары жаатында докладдарды көрсөтүүлөрү керек. Индия дүйнөдө экономикасы тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн бири. ЕАЭБнын бардык мамлекеттери мындай соода өнөктөшү менен кызматташууга кызыкдар”,-деди ЕЭКнын Коллегиясынын төрагасы.

Ал эми Панкадж Сарандын айтымында, Индия Евразия аймагында болуп жаткан окуяларга дайыма көңүл салып байкоодо.
“Биз изилдөө тобу өз иштеринин жыйынтыгын тезирээк көрсөтүүсүн каалайбыз. Индия ЕАЭБ менен ар түрдүү форматта иштешүүгө даяр. Менимче кызматташтык мүмкүнчүлүгүнө кеңири кароо керек, ошондо гана жалпы кызыкчылыктарды табуу бир кыйла жеңил болот”-деди Индиянын Россия Федерациясындагы Элчиси.
Панкадж Саран Индия Евразия аймагынын гүлдөп-өнүгүшүнө өз салымын кошо аларына ишене тургандыгын билдирди.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу