ЕАЭБ

Февраль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
        1 2 3
4 5 6 7 8 9 10
11 12 13 14 15 16 17
18 19 20 21 22 23 24
25 26 27 28      
17/08 18:15
 

ЕЭК Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн бир жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

ЕЭК Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчөлүгүнүн бир жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды

Бишкек, 17- август /Кабар/. 12-августта Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) тууралуу келишимге кошулганына 1 жыл толду. Бул убакыт аралыгында өлкөдө өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү жана айыл чарба продукциясын чыгаруу көбөйүп, Кыргызстандын товарларынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн рынокторуна чыгуусу жеңилдеди. Ошондой эле, кыргызстандык мигранттардын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө убактылуу жашоосу жана иштөөсү бир кыйла жакшырды.

“Республиканын ЕАЭБде болушунун бир жылдык жалпы жыйынтыгы оң натыйжа берди. Мындан аркы бардык иш-чаралар мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө жана жарандардын жыргалчылыгын камсыздоого багытталат. Биримдик Евразиялык рыноктун бир бөлүгү катары Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырат. ЕАЭБдин жана үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларында өлкөнү инвестициялоо үчүн кошумча каражат пайда болду”,- деп белгиледи ЕЭКнын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян.

Өткөн жыл ичинде реалдуу жыйынтыктарга жетишкен зор иштер жасалды. Бажы чек арасынын ачылышы кыргызстандык компанияларга Биримдиктин өлкөлөрүнө товар жеткирүүдө убакытты бир топ кыскартууга мүмкүнчүлүк түздү. Ушундан улам өндүрүшчүлөр продукцияларынын экспортун кыйла көбөйтө алды.

Мында Биримдиктин мүчө-өлкөлөрүндө катталган эл аралык ташуулардын транспорт каражаттарынын бажы декларациясынын жеңилдетилген тартибинин ЕАЭБде мыйзам менен бекилиши жана ийгиликтүү ишке ашышы да өз ролун ойноодо. ЕАЭБ Кыргызстандын соода жана агроөнөр жай комплекстеринин өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүдө. ЕЭКнын маалыматы боюнча, 2016-жылдын январь-июнь айларында 2015-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу КРда айыл чарба продукциясы 2,9%га, өнөр жай өндүрүшү 8,6%га өстү.

Республика ошондой эле, бажы каттоосунда да жеңилдик алган – ЕАЭБдин алкагында аны каттоонун зарылдыгы жок. Товарлар токтоосуз киргизилип жана чыгарылып турат. Кыйыр салыктарды төлөө 50 күнгө чейин жылдырылган. Импорттоочу товарын Кыргызстанга кийирүү учурунда 50 күндүк салык төлөө мөөнөтүнө ээ болот. Мурда ал чек арадан эле салык төлөөгө тийиш болчу.

Бизнес үчүн да салык түйшүгү жеңилдеди: эгерде Биримдикке киргенге чейин наркка кошумча салык товардын наркынан жана ага кошумча чыгымдын наркынан келип чыкса, ЕАЭБнын эрежелерине ылайык, салык келишим боюнча товардын наркынан гана алынат. Жеке жарандар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн өзүлөрүнө колдонуу үчүн товар алып келүүдө наркка кошумча салыкты эки эселеп төлөөдөн бошотулган.

Кыргызстан 43 сектордо иштеп жаткан бирдиктүү рыноктун бир бөлүгү болуп калды. Мындай секторлорго курулуш жана инженердик, айыл жана токой чарба чөйрөлөрү, дүң жана чакан соода, франчайзинг, машина арендасы, операторсуз жабдуу жана башка тейлөөлөр кирет. Ушундан улам кыргызстандык ишкерлер Биримдиктин өлкөлөрүнүн бул чөйрөлөрүндө юридикалык жактарды кошумча каттоотуусуз иштей алышат.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу менен жалпы эмгек рыногуна кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Жаңы шарттар кыргызстанстандык мигранттардын Биримдиктин өлкөлөрүндөгү укуктук статусун таптакыр өзгөрттү. Эми республиканын жарандары ишке орношууда Биримдиктин мүчө-өлкөлөрүнүн резиденттери менен тең укукта: жумуш берүүчү менен келишим түзүүдө квота каралган эмес. Кошумча ураксат берүүчү документтерди да алуунун кереги жок. Мисалы: Россияда республиканын жарандарына орус тилин, тарыхын, РФнын укуктук түзүлүшүнүн негиздерин билүүгө экзамен тапшырышпайт.

Дагы бир маанилүү маселе – Биримдиктин өлкөлөрүнө иштөө үчүн барышкан Кыргызстандын жарандары мамлекеттик органдарга 30 күнгө чейин каттоого туруу милдетинен бошотулган. Андан соң жаран эмгек же жарандык-укуктук келишимдин негизинде каттоого тура алат.

Кыргызстандын жарандары чет өлкө паспорту менен Биримдиктин өлкөлөрүнүн чек арасынан өтүп жатканда миграциялык карталарды толтурбайт, анткени анын өлкөдө болуу мөөнөтү 30 күндөн ашпайт.
Кыргызстандыктарга эмгектик гана эмес, жарандык-укуктук келишим боюнча да иштөөгө мүмкүнчүлүк берилгендиктен, алардын ишке орношуу мүмкүнчүлүгү кеңейген. Мурда Россияда Кыргызстандын жарандары патент алып 2 жылга чейин гана иштей алчу. Эми алардын өлкөдө жүрүшү эмгектик жана жарандык-укуктук келишим менен аныкталат. Андыктан жарандар өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартуу үчүн мезгил-мезгили менен өлкөдөн чыгып, кайра кирип убаракерчилик тартышпайт.

Учурда Россияда иштеп жатышкан Кыргызстандын жарандары резиденттер сыяктуу эле ишке кирген алгачкы күндөн тартып ошол эле ставкада киреше салыгын төлөшөт (30%дын ордуна 13%). Алар Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө социалдык жана медициналык камсыздандырууга укуктуу. Иштеген жарандардын балдары мектепке чейинки мекемелерге барууга жана мамлекеттин мыйзамдарына ылайык билим алууга укуктуу.

ЕАЭБнын келишиминде дипломдорду таануу да каралган. Бул жумуш табууну жана эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгүн кыйла камсыйдайт.
Пенсиялык камсыздоо тууралуу Келишим да иштелүүдө. Ал кабыл алынган соң Кыргызстандын жарандары ЕАЭБнын өлкөлөрүнүн жарандары сыяктуу эле Биримдиктин өлкөлөрүндө иштеген мезгили үчүн пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Биримдикке мүчөлүк өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берүүдө. Мисалы, Кыргызстандын ЕАЭБга ийгиликтүү интеграциясы үчүн түзүлгөн Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондун эле алсак, өлкөнүн Биримдикке мүчөлүгүнүн 7 ай аралыгында 113 ишканыны 16 млн долларга каржылаган.

КР жаңы орчундуу экономикалык натыйжаларга жакынкы мезгилдерде ишке киргизиле турган интеграциялык долбоорлордон да ээ болмокчу. Атап айтканда, быйыл ЕАЭБнын Бажы кодексин кабыл алуу пландалган. Мында ишкерлер бирдиктүү жобого жетишмекчи. Документте бизнес ресурсун үнөмдөгөн бир катар жаңы нерселер бар – бажы формалдуулугу жеңилдейт, бажы процедурасынан өтүү мөөнөтү кыскарат, чиновниктер менен сүйлөшүү азайат, демек муну менен ЕАЭБнын өлкөлөрүндө бизнес-климат жакшырат.

ЕЭКнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу