ЕАЭБ

Июль 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
1 2 3 4 5 6 7
8 9 10 11 12 13 14
15 16 17 18 19 20 21
22 23 24 25 26 27 28
29 30 31        
04/03 18:27
 

Тигран Саркисян:”ЕЭК чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн ачык”

Тигран Саркисян:”ЕЭК чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн ачык”

Бишкек, 4-март /Кабар/. 3-мартта Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) ЕЭКтин Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян Америка-Россия Ишкер Кеңешинин (АРИК) Президенти Дэниел Рассел менен жолугушту. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат менен камсыздоо кызматынан билдирди.
Жолугушууда ЕЭКтин төрагасы Комиссия чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн ачык экендигин белгиледи.

“Евразиялык интеграция ички рынокту кеңейтүүгө шарт түзөт, анын иши ишкерлер жана инвесторлор үчүн ачык айкын жана түшүнүктүү. Дүйнөлүк экономиканын өсүшү аксап турган шартта анын өсүп-өнүгүшү ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн экономикасынын өсүшүнө башкы булак боло алат”-деди Тигран Саркисян.

Америка-Россия Ишкер Кеңешинин (АРИК) Президенти Дэниел Рассел өз сөзүндө ЕАЭБ –бизнес үчүн кызыктуу, заманбап долбоор, Биримдикте төрт “эркиндик” – товарлардын эркин жүгүртүлүшү, кызмат көрсөтүү, жумушчу күчүнүн жана капиталдын эркиндиги бар экендигин белгиледи. Америка-Россия Ишкер Кеңешигнин (АРИК) Президентинин пикиринде, Биримдик бизнестин өнүгүшү үчүн бир топ мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн жана ЕАЭБнын кеңейиши эл аралык компаниялар үчүн анын кызыктуулугунан, көңүлгө төп келерлигинен кабар берет деди.
 

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу