ЕАЭБ

Сентябрь 2019
Дү Ше Ша Бе Жу Иш Же
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30            
03/02 12:52
 

ЕЭКке төрагалык 1-февралдан тартып Арменияга өтөт

 ЕЭКке төрагалык 1-февралдан тартып Арменияга өтөт

Бишкек, 3-февраль /Кабар/. ЕЭКке төрагалык 1-февралдан тартып Арменияга өтөрүн БЕЛТА билдирди.
Мындай маалымат Беларусь президенти тарабынан өткөн жылдын октябрында Бурабайда өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында айтылган. "Келе жаткан жылдын 1-февралынан тартып Евразия экономикалык комиссиясына төрагалык кылуу Арменияга өтөт”-деп билдирген Белорусь лидери.

Мындан тышкары 1-февралдан тартып ЕЭКти Армениянын мурдагы премьер-министри Тигран Саркисян жетектей тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынган.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча күзүндө мамлекет башчылары – кеңештин мүчөлөрү ЕАЭС жана ЕЭКинин үчүнчү өлкөлөр менен карым-катышынын тартибин аныктоочу документтерге кол коюшкан. Атап айтканда, ЕАЭСнын эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жана Союздун орто мөөнөттөгү келечекке негизги өнөктөштөр менен соода экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө иш-аракети аныкталган.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу