23/09 10:37
 

Терчилдиктен жана жагымсыз жыттардан арылуу үчүн эмне кылуу керек?

Күн ысыкта адам тердейт. Тер менен кошо жагымсыз жыт бөлүнүп чыгат. Ал жыттан, дегеле терчилдиктен арылуунун эң сонун элдик ыкмалары бар. Билип алыңыз.

Ромашканын маңызы

Терчилдикти ромашканын жардамы менен жоюу үчүн 6 чоң кашык кургатылган ромашканын үстүнө 2 литр бөлмө температурасындагы кайнатылган сууну куюп 1 саат демдеп коюу керек. Андан кийин 2 чоң кашык сода кошуп жакшылап аралаштыруу зарыл. Бул аралашма менен күнүнө бир нече жолу колтукту сүртүп турууга болот. Бул дары көпкө чыдабайт, андыктан күн сайын жаңысын даярдап турууга туура келет.

Эмендин кабыгы жана лимондун ширеси

Эмендин кабыгы организмдин тер бөлүп чыгаруусун азайтат. Бир стакан кайнатылган жылуу сууга 1 чай кашык эмендин кабыгын жана бир нече тамчы лимондун ширесин кошуп аралаштырып, бул аралашма менен колтукту күнүнө эки жолу сүртүү керек.

Крахмал

Картошка же жүгөрүнүн крахмалы да ысыктын күнүндөгү терчилдиктен куткарат. Ал дененин терчил бөлүктөрүнө упа катары сүртүлөт.

Марганцовка

Жарым литр жылуу сууга марганцовканын бир нече кристаллын салып эритүү зарыл. Аралашма ачык күлгүн түскө ээ болууга тийиш. Ага таза чүпүрөктү малып, аны колтукка 20 мүнөт коюп туруу зарыл. Эскерте кетүүчү жагдай, бир эле кристалл жакшы эрибей калып териге тийчү болсо күйгүзүп кетет. Андыктан жакшы эритүү зарыл. Бул процедураны жатар алдында жасаган туура. Мындан кийин үч сутка тер бөлүп чыгаруу азаят. А дарылоо курсу 14 күн.

Маалыматтар Интернет булактарынан алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу