22/09 18:27
 

Сарымсак сасык тумоодон арылтууга жардам берет

Ал үчүн сарымсакты күндө колдонгонго аракет кылыңыз. Тамакка кошуп, же сарымсактын өзүн деле жегенге аракет кылыңыз. Жатаар алдында 2-3 тишчесин нан менен жеп, артынан ысык чайдан ичиңиз. Даяр суюк же коюу тамакка сарымсакты майдалап туурап ичиңиз.

Кичинекей балдар ооруп калса, дары берүүдөн тышкары сарымсактын тиштерин жипке шурудай кылып тизип, мойнуна тагып койсо да жакшы.

Сасык тумоодон арыла албай жатасызбы анда сизге бал жардамга келет.
2 аш кашык балга 3-4 баш сарымсакты майдалап аралаштыруу керек. Андан соң даяр болгон аралашмадан 1 чай кашыктан күнүгө жылуу суу менен 3-4 маал ичүү керек.

Ошондой эле 1 стакан өтө ысык эмес кайнак сууга 1 аш кашык чычырканактын кыямын, 1 аш кашык бал кошуп, аралаштырып ичсеңиз пайдасы чоң.

Ал эми биз көп маани бербеген чайдын сасык тумоодон ролу өзгөчө . Ал үчүн уктаар алдында 100 грамм ысык чайга 100 грамм кызыл шарап, 100 грамм малинанын кыямын кошуп ичиңиз, бул тез сакаюуга жардам берет.

Мындан сырткары, 1 чыны чайга 1 кашык бал, 1 тилим лимон кошуп ичсеңиз ашыкча болбойт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу