21/09 10:54
 

Кир жуучу, агартуучу заттар зыян экендигин билесизби?

Кир жуучу, агартуучу заттар зыян экендигин билесизби?

Ооба, чындыгында биз күнүмдүк колдонуп жаткан кир жуучу, агартуучу, пол жуучу заттардын зыян экендигине көп маани бере бербейбиз. Бирок, аларды этияттык менен азыраак колдонууга аракет жасоо керек.

Кир жуучу порошоктордун курамына формальдегид жана хлор кошулат. Булар зат алмашууну басаӊдатып, аллергияны жана дем алуу жолдорунун оорусун чакыруусу мүмкүн.

Агартуучу каражаттардын курамында натрийдин гипохлорити бар. Ал нашатырь спирти менен аралашканда ден соолукка зыяндуу хлораминдүү газды бөлүп чыгарат. Аталган газ астманы чакыраарын эстен чыгарбайлы.

Ал эми шейшеп, халат жана ич кийимдер үчүн колдонгон кондиционерлердин курамындагы жыпар жыт берүүчү заттар аллергиясы бар адамдардын оорусун козгойт.

Мындан тышкары курамында фенол, крезолдор бар бактерициддүү заттар, булар баш ооруну, ич өтүүнү, бөйрөк, боордун иштөөсүнүн бузулушуна алып келиши толук ыктымал.

Курамындагы туз кычкылы же натрийдин күкүрт кычкылы бар сантехниканы тазалоочу каражаттар терини химиялык күйүккө чалдыктыруусу, көзгө тийсе көрүүнү жарым-жартылай жоготушу ыктымал.

Эгерде пол жуучу суюктуктарды көп колдонсоңуз курамындагы нитробензол теринин өӊүн бозортуп, дем алууну кыйындатат. Мындан сырткары, рактын жаралуусуна, ичтеги баланын майып төрөлүүсүнө алып келет.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу