20/09 11:22
 

Кадимки кокостун ден соолукка пайдасы

Кадимки кокостун ден соолукка пайдасы

Кокостун сүтү адамга күч кубат берип, көздүн көрүүсүн жакшыртат. Ал эми кокос майы жана эти кандагы холестериндин көлөмүн азайтып, иммунитетти көтөрөт. Ошондой эле, ич өткөндө жана өт оорусунан арылтууга жардамы чоң.

Кокосту чийки дагы же жашылчаларга кошуп жесе да болот.Ашканада көбүнчө кокостун кырындысы (стружка) жана кокостун сүтү колдонулат. Көпчүлүк учурда анын сүтүнөн суусундуктар жана десерттер даярдалат. Анткени, кокостун сүтү суусунду жакшы кандырат.

Мындан сырткары кокосту косметикада дагы колдонуп, бетке ар түрдүү маскаларды жасоого болот.

Маалымат үчүн: Бир кокос жаңгагынын салмагы 1,5-2,5 килограммга чейин жетет. Бул жаңгактары топ-топ болуп 15-20дан өсөт. Ал 8-10 ай ичинде бышат. Маалыматтарга таянсак, кокос пальмасы 50 жылга чейин жашайт. Ал эми бир эле пальма 1 жылда 50-130 даана жаңгак берет. Бир жаңгактан 0,5 литр түссүз кокос сүтү алууга болот.

Маалымат интернет булактарынан алынды.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу