15/09 12:08
 

Шахмат ойноп, кроссворд толтуруп акыл эсти калыбына келтирсе болобу?

Шахмат ойноп, кроссворд толтуруп акыл эсти калыбына келтирсе болобу?

Жаӊылмачтарды, ырларды көбүрөөк жаттаӊыз, эсепти оозеки эсептеӊиз. Бир нерселерди эсептөөдө калькулятор колдонбоңуз, оозеки кошуп, кемитүүңүз туура болот. Жадыбалды бир ирет эстеп, көбөйтүңүз.

Сканворд менен кроссвордду толтуруңуз. Билген нерсеңизди унутуп калган учурда жардамы тиет.

Шахмат, спорттук оюндар акыл-эсти өстүрүп, эс-тутумду бекемдөөчүлөргө кирет.

Көбүрөөк китеп окуӊуз, чет тилдерди көбүрөөк үйрөнүӊүз. Өзгөчө саякат, детектив жана илимий китептерге кызыгыңыз.

«Кайталоо – окуунун энеси» дегендей эле окуган китебиӊиздин, көргөн киноӊуздун мазмунун досуӊузга айтып берип, оюңуз менен бөлүшсөңүз да болот.

Же болбосо бир текстти окуп, анан аны жаап, мазмунун толук эстеп айтууга аракет жасаңыз.

Сүрөт тартыӊыз. Эс-тутум жакшы болуусу үчүн экөөнү теӊ иштетүүгө мажбурлаӊыз.

Йога менен машыгып, көнүгүүлөрдү жасап, бийлеп, көӊүлдүү жүрүңүз.

Күнүгө 8 сааттан уктабасаӊыз, мээ керектүү деӊгээлде эс албайт.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу