05/09 18:34
 

Кайсы өсүмдүктүн ширеси адамды жашартат?

 Кайсы өсүмдүктүн ширеси адамды жашартат?

Көк чайдын пайдасын көпчүлүк биле бербесе керек. Көк чай жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун азайтат. Анын курамындагы фтор тишти бекемдөөгө жана кариестин алдын алууга мүмкүнчүлүк берет. Ал эми антиоксиданттар организмдеги клеткалардын бузулуп кетпешинен сактайт.

Сабиздин ширеси. Сабиздин ширесиндеги лютеолин заты сезгенүүгө, ар түрдүү аллергияга жана ракка каршы касиеттери бар.

Кызылча ширеси. Бул өсүмдүктүн ширеси кан тамырларды кеңейтип, кандын иштешин камсыз кыла алат. Бул өсүмдүктүн ширесин көбүрөөк колдонсоңуз мээ жакшы иштеп, клеткалар кычкылтек менен камсыздалат.

Апельсиндин ширеси болсо көздүн жакшы көрүшүнө жардам берет.

Ал эми кадимки эле суу мээнин жакшы иштешинин камсыздайт. Аны күнүмдүк турмушта колдонуп, бирок көп маани бере бербейбиз. Мындан тышкары, суу терини жылмакайлап, жумшак жана назик кылат. Суунун өлчөмүн адам баласынын салмагына, жыл мезгилине жараша ичүү керек. Бирок кандай болгон күндө да күнүнө 3 литрден аз болбошу шарт.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу