29/08 16:28
 

Жөө басуу ден соолукка пайда

Жөө басуу ден соолукка пайда

Булчуңдар чыңалат

Жөө баскан адамга физикалык жактан күч келет жана ал сөөктөрдүн кальцийди сиңирүүсүнө жакшы жардам берет. Буга улай сөөктөргө жармашкан булчуңдар баскан сайын чыйралып, скелеттин бекемделишин камсыздайт. Мындан сырткары, жөө басуу тең салмактуулукту кармоого көмөкчү болгон булчуңдарды жана байламталарды бекемдейт. Бул жерге кулап кетүүдө кол-буттун жана дене бөлүгүндөгү сөөктөрдүн сынуу коркунучун төмөндөтөт.

Варикозго кабылуу коркунучун азайтат

Жөө жүргөн адамдын шыйрактарынын булчуңдары чымыр болот. Мындай чымыр булчуңдар өзүндө жайгашкан күрөө тамырларды кысып тургандыктан, кан жогору карай түртүлөт. Бул анын токтоп коюулануусунан, күрөө тамырга топтолуусунан жана тамырлардын капталдарынын чоюлуп кетүүсүнөн сактайт. Варикоздун алдын алуу үчүн күнүнө 30 мүнөт басуу керек. Буга кошумча кеңседеги отургучтан же дивандан туруп көнүгүү жасап туруу оң натыйжасын берет.

Арыктоого жардам берет

Бир саат басуу менен организмдеги 200-300 килокалорийди жок кылууга болот. Анчалык көп эмес. Ал муундарга жана жүрөккө көп күч келтирбейт. Андыктан тер чылпылдаткан машыгууларга караганда жеңил болуп саналат.

Стресстен арылтат

Стресс болгон учурда адамдын канын кызыткан адреналин жана кортизол гормондору жөө басып сейилдөөдө сарпталат. Ошондой эле, мээнин иштешин жакшырткан жана маанайды көтөрүүчү эндорфиндер иштелип чыгат. Нерв тутумуна 5 мүнөттүк жөө басуу да чоң пайда экенин америкалык окумуштуулар белгилешкен. Бирок андан да көп убакыт сейилдеген жакшы.

Кан басымын жөнгө салат

Аз кыймылдаган адамдын канынын көбү ич көңдөйү менен көкүрөк торчосунда айлана берет. Басып жүргөндө болсо кандын 80 пайызы кол жана бутка чуркайт. Бул тутумдук артериалдык басымдын төмөндөөсүнө жеткирип, гипертония жана жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу коркунучун азайтат. Жакшы жыйынтыкка жетүү үчүн 5 күн бою 30-40 мүнөт ылдамыраак басуу зарыл.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу