29/08 15:02
 

Депрессиядан кантип чыгуу керек?

Депрессияны – жан дүйнөнүн дартка чалдыгышы деп билебиз. Аны денеге кандайдыр бир вирус кирип алгандай элестетсе болот.
Психологдордун айтымында, сезондук депрессиядан чыгуу оӊой, ал эми узакка созулган депрессия адамдын денсоолугуна гана зыян кылбай, айрым учурда өмүр менен кош айтышууга алып келет. Ошондуктан депрессиядан чыгууга аракет кылуу зарыл. Андан кантип чыгуу керек?

1. Өзүӊүздү ошол сизди кыйнаган абалга алып барып, эмоция менен баарын эстеӊиз, кыйкыргыӊыз келсе кыйкырып, ыйлагыӊыз келсе ыйлап алыӊыз, ошол абалды жүрөктөн чыгарып салсаӊыз жеӊилдеп каласыз.

3. Өзүӊүздү бир нерсе менен алаксытканыӊыз оӊ, хоббиӊиз менен алек болуӊуз. Сизди сындаган, абалыӊызды түшүнбөгөн адамдардан алыс болуӊуз.

4. Денеӊизге физикалык жүк көбүрөөк үйүӊүз, бир нерсе менен алек болгондо сизди кыйнаган ойлор аз болсо да алыстап, кечинде уйкуӊуз тынч болот.

5. Мончого баруу керек, анткени денедеги жаман энергиядан арыла түшөсүз.

Психологдордун айтымында, бул дартты жеӊип чыкса, кийин ал адам мурункуга караганда алда канча күчтүү болуп калат. Ар кандай абалга, жашоонун оор суугуна оӊой менен сынбайт жана башка адамдардын кемчиликтерине кечиримдүүлүк менен карашат.

Депрессиядагы адам көп учурда тамактан баш тартат. Мындай учурда ички органдар жакшы иштеп, бир сыйра тазаланып калат.
Ал эми окумуштуулар көп учурда бул дартты жеӊип чыккандардын ден соолугу жакшырып, көпкө жашаарын айтышкан.

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу