29/08 12:56
 

Кумшекер кайсы өсүмдүктөрдөн алынат?

Кумшекер кайсы өсүмдүктөрдөн алынат?

Кумшекердин мекени – Индия экендигин көпчүлүк биле бербесе керек. Бул өлкөнүн жашоочулары кант камышынан (тростник) шире кайнатып, андан соң кумшекер жасашат. Жалпыбызга белгилүү болгондой кумшекер атайын кант өсүмдүктөрүнөн алынат. Ал үчүн климаты, жер кыртышы сыяктуу шарттар эске алынып, ар кайсы жерде ар башка өсүмдүк өстүрүшөт. Кант алынуучу негизги өсүмдүктөр төмөнкүлөр:

Клён - бул Канаданын чыгышында жашаган элдин салттуу кант алуучу өсүмдүгү болуп саналат. Жаздын келиши менен дарактын сөңгөгүн чукуп, тешикче жасап коюшат. Ал жерден сарыгып чыккан суюктук кайнатылып, кант алынат.

Пальма - Түштүк Азия, Индия океанынын аралдарында кантты кокос пальмасынын ширесинен алышат. Ширени буулантуу жолу менен кумшекер жасашат.

Сорго – тарууга окшош дан өсүмдүгү. Байыркы кытайлар бул өсүмдүктү кант алууда пайдаланып келишкени маалым. Бирок убарасы көп, алынган таза канттын өлчөмү салыштырмалуу аз болгондуктан, учурда айдалбайт.

Кант камышы – анын жапайы түрү Индияда көп кездешет. Көп жылдык өсүмдүк деп эсептелген кант камышы жылуу жерлерде өсөт. Сууну көп талап кылат. Кант камышынын сөңгңктөрүнөн кант алынат.

Кант кызылчасы - эки жылдык өсүмдүк. Кызылчадан кант алууга болот деп 1747-жылы Берлин Илимдер академиясынын кызматкери Андреас Марграф айтып чыккан. Кийин Наполеон бул азыктын экономикага кошчу салымын байкап көргөн. Андан соң Францияда эң алгачкы кант кызылчасын иштетүүчү завод ачылган.

Маалымат интернет булактыранан алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу