17/08 18:30
 

Сиздин тырмагыңыз түшүп, айлаңыз кеттиби?

 Сиздин тырмагыңыз түшүп, айлаңыз кеттиби?

Эгерде тырмагыңыз түшүп, эмне кылыштын айласын таппай жатасызбы. Бул учурга бардыгыбыз эле кабылабыз. Ал үчүн төмөндө тырмакты бекемдөөнүн эң жөнөкөй жолдорун сиздерге сунуштайбыз.

Бир чай кашык крахмалды 200 грамм жылуу сууга аралаштырып, ага колду малып туруу зарыл. Бул тырмакты эң жакшы бекемдетет. Мындай ыкма менен бутуңуздун дагы тырмактарына кам көрсөңүз болот.

Ал эми лимонду жеген соң анын кабыгын ыргытпаңыз, аны менен тырмакты сүртүп турсаңыз, тырмагыңыз жылтырап жана жылмакай болуп калат.
Үйдө жүргөн күндөрү же болбосо уктоонун алдында тырмактын боёгун өчүрүп, колду таза жууп, йод менен сүртүп туруңуз. Бул дагы өз кезегинде тырмакка абдан пайдалуу.

Эгерде картошканы тоголок тейден сууга бышырсаңыз анын кайнак суусун төгүүгө шашылбаңыз. Ал суу муздаган соң сууга 10 мү¬нөттөй колуңузду жана бутуңузду малып туруңуз оң натыйжа берет.

Маалымат интернет булактарынан алынды

Бөлүшүү

  • print
  •  Facebookта жайгаштыруу
  • Twitterде жайгаштыруу
  • Контактка жайгаштыруу
  •  LiveInternetке жайгаштыруу
  • Одноклассниктерге жайгаштыруу
  • LiveJournalда жайгаштыруу
  • Мой Мирге жайгаштыруу